Парламент Руслан Мукамбетовду коргоо министри кызматына дайындоого макулдук берди

Жогорку Кеңеш 21 май 2025 11:30
Парламент Руслан Мукамбетовду коргоо министри кызматына дайындоого макулдук берди

Бишкек, 21.05.25. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында коргоо министри кызматына шайлоо үчүн Руслан Мукамбетовдун талапкерлиги каралды. 

Парламенттен билдиришкендей, талапкер боюнча сунуштама жана маалыматты президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов берди. 

Добуш берүүнүн жыйынтыгында эл өкүлдөрү Руслан Мукамбетовдун талапкерлигин жактырып, коргоо министри кызматына шайлоо үчүн колдоп беришти.