ЖК комитеттери республикалык бюджетке тиешелүү мыйзам долбоорлорун үч окууда колдоду

Жогорку Кеңеш Загрузка... 23 Декабрь 2025 15:55
hd-1766482683502.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Жогорку Кеңеш

Бишкек, 23.12.25. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин комитеттеринин биргелешкен жыйынында республикалык бюджетке тиешелүү мыйзам долбоорлору каралды.

Жыйынга Адылбек Касымалиев баштаган министрлер кабинетинин өкүлдөрү катышты.

Алсак, «Кыргыз Республикасынын 2025-жылга жана 2026-2027-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу», «Кыргыз Республикасынын 2026-жылга жана 2027-2028-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө» мыйзам долбоорлору каралды.

Муну менен катар Кыргыз Республикасынын 2024-жылга республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчету да угулду.