ЖК комитети Жогорку соттун судьялык кызматына Эсеналиев жана Усубалиевдин талапкерлигин карады

Жогорку Кеңеш 3472 10 Апрель 2025 13:10
hd-1744263978010.max-1920x1080.format-webp.webp
hd-1744263967787.max-1920x1080.format-webp.webp
hd-1744263965330.max-1920x1080.format-webp.webp
Алдыга
Артка
hd-1744263978010.max-1920x1080.format-webp.webp
hd-1744263967787.max-1920x1080.format-webp.webp
hd-1744263965330.max-1920x1080.format-webp.webp
Алдыга
Артка
copyright icon Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы

Бишкек, 10.04.25. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин жыйынында Жогорку соттун судьялык кызматына шайлоо үчүн Нурбек Эсеналиевдин жана Бакыт Усубалиевдин талапкерлиги каралды.

Парламенттен билдиришкендей, бул талапкерлерге сунуштама президент тарабынан киргизилген.

Жыйынтыгында комитет сунушталган талапкерлер «КР судьяларынын статусу жөнүндө» конституциялык мыйзамдын 19-беренесинин талаптарына ылайык келерин белгилеп, Жогорку соттун судьялык кызматына шайлоо үчүн Жогорку Кеңештин кароосуна киргизди.