Бишкек, 03.02.26. /Кабар/. Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекси, жер казынасын пайдалануу, өнөр жай саясаты, транспорт, архитектура жана курулуш боюнча комитети "Энергиянын кайра жаралуучу булактары" КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоорун үч окууда жактырды.
Энергетика министринин орун басары Алтынбек Рысбеков белгилегендей, мыйзам долбоору кайра жаралуучу электр энергия булактарын өнүктүрүү, энергетика тутумун модернизациялоо, инвестициялык климатты жакшыртуу жана өлкө экономикасынын туруктуу өнүгүүсүн камсыздоо максатында иштелип чыккан.
Ошондой эле мыйзам долбоору "жашыл" экономикага инвестиция тартуу боюнча президенттин жарлыгын аткарууга багытталган.
"Бүгүнкү күндө энергиянын кайра жаралуучу булактарына инвестиция тартууда айрым чектөөлөр бар. Буга байланыштуу министрлер кабинети инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда тарифтерди чет элдик валютада белгилөөнү сунуштайт. Бул чет элдик инвесторлор үчүн тобокелдиктерди азайтып, өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугун арттырат.
Мындан тышкары, мыйзам долбоорунда жеңилдетилген шарттар каралган жана тарифтерди аныктоодо аукциондук механизмдер киргизилет. Бул тандоонун ачыктыгын камсыз кылып, долбоорлордун атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатат", - деди министрдин орун басары.