Бишкек, 14.01.26. /Кабар/. Жогорку Кеңештин эмгек, саламаттык сактоо, аялдардын иштери жана социалдык маселелер боюнча комитети 13-январдагы жыйынында электрондук тамекилерди жана курамында никотин бар продукцияларды жөнгө салууга тиешелүү эки мыйзам долбоорун чакыртып алуу чечимин кабыл алды.
Кеп "Кыргыз Республикасынын аймагында никотинди жеткирүүнүн электрондук системаларын жана электрондук тамекилерди колдонууга тыюу салуу жөнүндө", ошондой эле "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоорлору тууралуу болуп жатат. Акыркысы "Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекини, никотинди керектөөнүн кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө" мыйзамына жана Укук бузуулар жөнүндө кодексине түзөтүүлөрдү киргизүүнү карайт
Депутаттар белгилегендей, документтер келип түшкөн сын-пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен кайра иштелип чыгат.
Буга чейин парламентте толук тыюу салуу мыйзамсыз сооданын өсүшүнө алып келип, бюджетти салыктык түшүүлөрдөн ажыратышы мүмкүн деген кооптонуулар айтылган. Альтернатива катары сооданы жөнгө салуу, легалдаштыруу жана салыктарды төлөтүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланган.