ЖК комитети электр энергиясы жөнүндө мыйзам долбоорун II окууда жактырды

Жогорку Кеңеш Загрузка... 10 Март 2026 10:52
22.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 10.03.26. /Кабар/. Жогорку Кеңештин Өнөр жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш боюнча комитети кезектеги жыйынында "Электр энергиясы жөнүндө" КР мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоорун II окууда карап чыгып, жактырды.

Мыйзам долбоорунун демилгечиси – министрлер кабинети.

Мыйзам долбоору кайра жаралуучу энергия булактары объектилеринин кубаттуулук чегин 30 МВттан 50 МВтка чейин жогорулатуу аркылуу тармакты өнүктүрүүгө жана инвестиция тартууга багытталган. Бул эл аралык тажрыйбага, ошондой эле өлкөнүн "жашыл" экономика жана энергетикалык коопсуздук жаатындагы стратегиялык максаттарына шайкеш келген кыйла натыйжалуу, экономикалык жактан туруктуу жана заманбап технологиялык долбоорлорду ишке ашырууга шарт түзөт.