ЖК комитети 500 кВ электр линиясын куруу боюнча макулдашууну жактырды

Жогорку Кеңеш Загрузка... 26 Декабрь 2025 17:40
LEP_1-870x400-1.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 26.12.25. /Кабар/. Жогорку Кеңештин Өнөр жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин кезексиз жыйынында маанилүү энергетикалык долбоор каралып, жактырылды. Бул тууралуу парламенттен билдиришти.

Белгилей кетсек, сөз «Кемин» подстанциясы менен жаңы «Балыкчы» подстанциясынын ортосунда 500 кВ электр берүү линиясын куруу жөнүндө болуп жатат.

Долбоорду энергетика министринин орун басары Эмилбек Ысманов тааныштырды. Анын маалыматына ылайык, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) менен түзүлгөн макулдашуунун жалпы суммасы 67,7 млн еврону түзөт:

  • 61,7 млн евро — кредит (20 жылдык мөөнөткө, 5 жылдык жеңилдетилген мезгили менен, жылдык пайызы — 1%);
  • 3 млн евро — грант;
  • 3 млн евро — техникалык жардам катары берилүүчү грант.

Талкуу учурунда депутаттар бир катар орчундуу маселелерди көтөрүштү.

Депутат Кундузбек Сулайманов курулуштун бүтөр убактысын тактады. Ал эми баяндамачы иштер 2028-жылдын аягына чейин бүтөрүн билдирди.

Депутат Гуля Кожокулова калктын электр энергиясына болгон чектөөлөрдөн кыйналып жатканын белгиледи. Министрдин орун басары Кыргызстан алдыдагы 3 жылда энергетикалык кризистен толук чыгарын убадалады.

Депутат Темирлан Айтиев кредиттик келишимдеги Euribor рыноктук пайыздык ченинин шарттарына кызыкты.

Бул стратегиялык долбоор өлкөнүн түндүк аймагын электр энергиясы менен ишенимдүү камсыздоого жана энергетикалык коопсуздукту чыңдоого багытталган.