ЖК комитети стратегиялык эки макулдашууну жактырды

Жогорку Кеңеш Загрузка... 24 Февраль 2026 11:40
332779.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 24.02.26. /Кабар/. Жогорку Кеңештин Өнөр-жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында эки көпүрөнү куруу боюнча мыйзам долбоорун карап чыгып, жактырды.

Атап айтканда, 2025-жылдын 12-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган "Транскаспий эл аралык транспорттук каттамы менен байланышты жакшыртуу үчүн Бишкек – Ош унаа жолундагы Нарын дарыясы аркылуу өтүүчү көпүрөнү реконструкциялоо (куруу)" долбоору боюнча министрлер кабинети менен Япония өкмөтүнүн ортосундагы алмашуу ноталарын жана министрлер кабинети менен Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) ортосундагы гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылды.

Маалыматты транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Улукбек Жанибеков берди.

Анын айтымында, мыйзам долбоору Бишкек – Ош унаа жолундагы Нарын дарыясы аркылуу өткөн көпүрөнү реконструкциялоо аркылуу Кыргызстан менен коңшу өлкөлөрдүн ортосундагы транспорттук байланышты жакшыртуу, ошону менен бирге транспорттун үзгүлтүксүз жана коопсуз кыймылын камсыз кылуу максатында иштелип чыккан.

"Көпүрөнүн курулушу Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда, Бишкек – Ош унаа жолунун 315-чакырымында жүргүзүлөт. Япония өкмөтү бул долбоор үчүн 3 млрд 190 млн иен өлчөмүндө грант бөлөт, бул болжол менен 20 млн 416 миң 639 долларын түзөт", - деди баяндамачы.

Муну менен катар, комитет мүчөлөрү 2025-жылдын 29-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган "Ош шаарынын жолдорун жакшыртуу" долбоору (узундугу 3,2 чакырым жол участогу менен 2 эстакадалык көпүрөнү куруу) боюнча Кыргызстан менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" мыйзам долбоорун биринчи окууда карап чыгып, жактырышты.