ЖК интернет алдамчылыкка каршы күрөшүү боюнча токтом кабыл алды

Жогорку Кеңеш Загрузка... 12 Март 2026 15:10
2.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 12.03.26. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында банк чөйрөсүндөгү жана интернет тармагындагы алдамчылык кылмыштарына каршы аракеттенүү боюнча токтомдун долбоору каралып, кабыл алынды.

Демилгечи депутат Медербек Алиевдин айтымында, министрлер кабинети, Башкы прокуратура жана Улуттук банк интернет алдамчылыкка каршы көрүлгөн чаралар тууралуу парламентке квартал сайын маалымат берип турууга милдеттендирилди.

Ошондой эле тиешелүү мамлекеттик органдарга миңдеген жарандарды материалдык чыгымга учураткан жаңы алдамчылык схемаларына каршы күрөшүү механизмдерин иштеп чыгуу тапшырмасы берилди.

Депутат Алтынбек Кылычбаев алдамчылык схемаларына ("дропперлик") тартылып жаткан өспүрүмдөрдү коргоо үчүн мыйзамдарды өркүндөтүү зарылдыгын белгиледи.

Мындан тышкары, банктардын маалымат базасынын коопсуздугу, ИИМдин киберкоопсуздук бөлүмүнүн иши жана фейк аккаунттар аркылуу жалган маалымат таратуу маселелери көтөрүлдү.

Жыйынтыгында Жогорку Кеңеш бул багыттагы иштерди күчөтүү боюнча конкреттүү тапшырмаларды камтыган токтомду жактырды.