ЖК депутатынын орду бошосо, мандатын округдагы кийинки талапкерге берүү сунушталууда

Жогорку Кеңеш Загрузка... 04 Апрель 2025 12:02
WhatsApp Image 2025-04-04 at 08.27.34.jpeg
copyright icon Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 04.04.25. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутатынын орду бошогон учурда, анын мандатын добуштардын саны боюнча округдагы кийинки талапкерге берүү сунушталууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Улан Примов парламенттик угууда билдирди.

Анын айтымында, мындай сунуш "Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" КР конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" конституциялык мыйзам долбоорунда камтылган.

“Эгерде Жогорку Кеңештин депутаты кызматтан кетсе же кандайдыр бир жагдайдан улам орду бошосо, анда анын орду округдагы добуштардын саны боюнча кийинки талапкерге берилет. Эгер аял депутат чыгып кетсе, анын ордуна добуштардын саны боюнча кийинки аял талапкер келет”, - деди эл өкүлү.

Улан Примов белгилегендей, буга чейин сунушталып жаткан конституциялык мыйзам долбоорунун концепциясы пленардык жыйында 1-окууда кабыл алынган.