Бишкек, 03.04.25. /Кабар/. Жогорку Кеңеш депутаттарды кызматтык унаа менен камсыздоо маселеси боюнча түшүндүрмө берди.
Парламенттин коомчулук жана ЖМКлар менен иштөө бөлүмүнөн билдиришкендей, буга чейин Жогорку Кеңештин 20 айым депутаты кызматтык унаа менен камсыздалган. Бирок, алардын айдоочуларынын айлык акысы мамлекеттин эсебинен эмес, депутаттын жеке фондунан төлөнүп келет.
"Калган 70 депутатты унаа менен камсыздоо иши да так эле ушундай шартта жүргүзүлөрү мерчемделүүдө. Бирок, кайсы маркадагы унаа алынып келинери азырынча толук чечиле элек" , - деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, “КР Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө” мыйзамдын 32-беренесине ылайык, Жогорку Кеңештин депутаттарына кызматтык автоунаа берүү тартиби министрлер кабинети тарабынан аныкталат.
Ал эми кызматтык автоунааны пайдалануу тартиби Жогорку Кеңештин жобосу менен бекитилет.