Жездин баасы өсүп, тарыхый рекордду жаңылады

Дүйнө Загрузка... 09 Декабрь 2025 10:28
WhatsApp Image 2025-12-09 at 08.49.48.jpeg

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 09.12.25 /Кабар/. Дүйшөмбү күнү дүйнөлүк рынокто жездин баасы тарыхый эң жогорку деңгээлге чыкты. Бул тууралуу Интерфакс билдирет.

Маалыматта белгиленгендей, мунун эң негизги себеби - дүйнө жүзү боюнча жез тартыштыгы тууралуу тынчсыздануулардын күчөшү. Күн мурун Лондон металл биржасында (LME) үч айлык фьючерстердин баасы 0,3%га өсүп, бир тоннасы 11 653 долларды түзгөн. Ал эми соода учурунда баа эң жогорку чекке - 11 771 долларга чейин жетти.

ANZ Research аналитиктеринин айтымында, жеткирүүлөрдүн тартыштыгы рынокто паникалык сатып алууларды күчөтүүдө. Жыл ичинде ири кендерде жаралган көйгөйлөр жездин жеткирилишине терс таасирин тийгизди. Жезди көп көлөмдө запастап, сатып алып койгондор да көбөйдү. Мунун себеби - АКШда импортко бажы төлөмдөрү киргизилиши мүмкүн деген кооптонуулар.

Ошондой эле Кытай бийлигинин экономиканы колдоо боюнча жаңы чаралары жана акча-насыя саясатын улантуу убадасы да баанын көтөрүлүшүнө өбөлгө түзүүдө.