Жети-Өгүздөгү Жеңиш – Жайыт – Ак-Терек жолу асфальтталууда

Аймак Загрузка... 24 Март 2026 17:05
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Транспорт жана коммуникациялар министрлиги

Бишкек, 24.03.26. /Кабар/. Жети-Өгүз районундагы Жеңиш — Жайыт — Ак-Терек жолунун 3 чакырымына асфальт төшөлүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган унаа жолдун жалпы узундугу 36 чакырымды түзөт. Жолдун 28-30-чакырым аралыгында кеңейтүү жана негизин даярдоо иштери аткарылууда.

Бул иштер Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин 2026-жылдын Титулдук тизмесине киргизилген асфальт төшөө иштеринин алгачкысы болуп саналат.

Ал арада транспорт жана коммуникациялар министринин биринчи орун басары Тариэл Жаныбеков Чүй облусундагы асфальт-бетон заводдорун, таш майдалоочу ишканаларды кыдырып, жол куруу иштерине даярдык жана материалдардын камсыздалышы менен таанышты. Ал өзгөчө салына турган жолдордун сапаттуу жана өз мөөнөтүндө бүткөрүлүшүнө катуу талап коюп, тийиштүү тапшырмаларды берди.

Ошондой эле ал быйылкы жол курулушуна каралган алгачкы битум партиясы алынып келинип, республика боюнча битум сактоочу жайларга түшүрүлө баштаганын айтты.

Бүгүнкү күндө Жел-Арык, Кыямат-Кыркоол, Маймак, Шамалды-Сай жана Ош-2 битум базаларына битум жеткирилди.