Жети-Өгүздө көлдү торлордон тазалоо иштери жүрдү

Экология Загрузка... 27 Октябрь 2025 12:15
1a32dccd-6a0e-4411-a3ea-2b313207e08c.jpg
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 27.10.25. /Кабар/. Ысык-Көлдүн аймагында балык уулоо тилкелерин мыйзамсыз торлордон тазалоо иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Балык өнөр жай комплекси департаментинин адистери тазалоо иштерин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин суучулдар кызматынын жана Ички иштер министрлигинин Туристтик-экологиялык милициясынын кызматкерлери менен биргеликте өткөрдү.

Адистер Ысык-Көл акваториясынын №33, 36, 37, 38, 39 жана 40 балык уулоо тилкелерин тазалоо иштеринде браконьерлер тарабынан мурда салынган, суу алдында калган мыйзамсыз синтетикалык торлорду алышты.

Бул иштер Ысык-Көлдүн биологиялык ар түрдүүлүгүн сактоо жана мыйзамсыз балык уулоонун кесепеттерин жоюу максатында туруктуу негизде жүргүзүлүп келет.

Балык өнөр жай комплекси департаменти балык чарбачылыгын өнүктүрүү, балык ресурстарын калыбына келтирүү жана экосистеманын туруктуулугун камсыздоо багытында системалуу иштерди улантууда.