Жети-Өгүздө көл түбүнөн 700 метр тор чыгарылды

Экология 17 Май 2026 13:20
IMG_4172.jpeg
IMG_4174.jpeg
IMG_4173.jpeg
IMG_4172.jpeg
Алдыга
Артка
IMG_4172.jpeg
IMG_4174.jpeg
IMG_4173.jpeg
IMG_4172.jpeg
Алдыга
Артка

Бишкек, 17.05.26. /Кабар/. Жети-Өгүз районунун Покровка айыл аймагында жүргүзүлгөн рейд учурунда көлдөн узундугу 700 метр тор чыгарылды.

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы билдиргендей, жыл башынан бери жалпысынан 24 миң 100 метрлик синтетикалык тор жана 760 килограмм таштанды чыгарылган.

Учурда браконьерликке каршы күрөш жана Ысык-Көлдүн экологиялык коопсуздугун камсыздоо боюнча рейддик иш-чаралар туруктуу негизде жүргүзүлүүдө.

Текшерүүлөр көл жээгиндеги бардык райондордо улантылып жатат.