Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматына жаңы жетекчи дайындалды

Кадрлар жана дайындоолор Загрузка... 12 Май 2025 14:41
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 12.05.25. /Кабар/. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматтын директору болуп Азамат Саралаев дайындалды.

Ведомстводон билдиришкендей, суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министринин биринчи орун басары  Жаныбек Керималиев  Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматтын жаңы жетекчисин жамаатка тааныштырды.

Саралаев Азамат Керимбекович -1991-жылы туулган, жогорку билимдүү.

  • 2015-жылы “СОС” ЖЧКда директордун орун басары;
  • 2016 – 2021 - жылдары Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциясында инспектор, улук инспектор, башкы инспектор жана бөлүм башчы болуп эмгектенген. 
  • 2021 - 2022 - жылдары Айыл чарба министрлигине караштуу Жер жана суу мамлекеттик инспекциясында директордун орун басары, ал эми 2022 - жылдын март айынан Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматта директордун орун басары болуп иштеген.