Жерде магниттик бороон үчүнчү күн катары менен уланууда

Дүйнө Загрузка... 02 Октябрь 2025 13:35
1819809280_2_0_1920_t56IDp7.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Бишкек, 02.10.25. /Кабар/. Россиянын Илимдер академиясынын Космостук изилдөөлөр институтунун Күн астрономиясы лабораториясы билдиргендей, Жерде магниттик бороон үчүнчү суткадан бери токтобой уланууда.

Буга Күндөн келген күн шамалынын ылдамдыгы өтө жогору болушу негизги себеп болууда.

«Учурда кырдаалдын турукташканы боюнча жакшы жаңылыктар жок. Магниттик бороон шейшемби күнү таң атканда башталган жана кыскача тыныгуу менен 50 сааттан ашык убакыттан бери уланып жатат. Бороон G1–G3 деңгээлинде кармалып, орточо деңгээлде өтүп жатат, бирок айрым учурларда күчтөнүүлөр да байкалууда», – деп айтылат лабораториянын Telegram-каналындагы билдирүүдө.

Адистердин айтымында, магнитосферанын туруксуз абалда болушунун негизги себеби күн шамалынын ылдамдыгы өтө жогору деңгээлде, секундасына 700–800 км чамасында, ал эми кээ бир учурларда 900 км/с чейин жетүүдө. Бул кадимки көрсөткүчтөн 2–3 эсе жогору. Мындай ылдамдык Күндөгү жогорку жалындын активдүүлүгү жана чоң короналдык тешиктен чыккан таасир менен шартталууда. Жер планетасы дал ушул короналдык тешиктин таасир зонасына бүгүн түнү кирген.

«Жакшы жаңылыктар тууралуу сөз кыла турган болсок, азырынча алоолонуулар M класстан ашкан жок. Бул класс алоолонуулар күчтүү деп эсептелгени менен, эң жогорку X класстагыларга салыштырмалуу он эсе алсызыраак», – деп билдиришкен окумуштуулар.

Мындан тышкары адистердин баамында, Жердин магнитосферасы азыр туруктуу абалга келген, бирок тынч эмес, орточо деңгээлдеги үзгүлтүксүз бороон абалында турат. Эгерде Күндөн чоң алоолонуу болбой, Жер плазмалык булуттар менен түз кагылышпаса, геомагниттик кырдаал 1–2 сутка ичинде жакшырышы мүмкүн.