Бишкек, 23.09.26. /Кабар/. Трансформатордон май агып, жер кыртышын булгаган ишканага 65 миң сом айып салынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча регионалдык башкармалыгы тарабынан шаар тургунунун кайрылуусунун негизинде текшерүү иштери жүргүзүлдү.
Анда Арча-Бешик конушунун аймагында жайгашкан трансформатордон май агып, анын кесепетинен жер кыртышы булгангандыгы аныкталды.
Аталган факты боюнча мыйзам талаптарына ылайык тиешелүү чаралар көрүлүп, айлана-чөйрөнү коргоо талаптарын бузгандыгы үчүн ишканага Укук бузуулар кодексине ылайык 65 миң сом өлчөмүндө айып салынды.