Жекшенкулов: ШКУ кеңейүүдөн сапаттуу кызматташууга карай өнүгүүнүн жаңы этабына өтүүдө

ШКУ Жүктөлүүдө... 27 Июль 2026 13:25
{{item.title }}
{{item.title }}
Алдыга
Артка
Алдыга
Артка
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 27.07.26. /Кабар/. Шанхай кызматташтык уюму өнүгүүнүн жаңы этабына кадам таштоодо. Бул этапта негизги маселе уюмдун мындан ары кеңейиши эмес, мамлекеттердин биргелешкен ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу болуп калат. Бул тууралуу Кыргызстандын мурдагы тышкы иштер министри, Кыргыз-Россия Славян университетинин профессору Аликбек Жекшенкулов ШКУнун ЖМК жана аналитикалык борборлор форумунда билдирди.

Анын айтымында, эл аралык уюмдар мамлекеттердин эгемендүүлүгүн бекемдөөдө жана практикалык кызматташтык үчүн механизмдерди түзүүдө маанилүү роль ойнойт.

“Ар бир ири эл аралык уюмда ролдордун табигый бөлүштүрүлүшү бар. Чоң державалар бирикменин масштабын, саясий салмагын жана ресурстарын аныктайт. Бирок институттардын өнүгүшүн, декларацияларды реалдуу кызматташтык механизмдерине айландырууну көп учурда чакан жана орто мамлекеттер камсыздайт”, - деди Жекшенкулов.

Ал ШКУнун интеллектуалдык багыты саясий жана экономикалык багыттардан кем эмес мааниге ээ экенин билдирди.

Жекшенкулов белгилегендей, уюмдун маңызы жана келечеги эксперттик коомчулуктун, изилдөө борборлорунун жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын иши аркылуу калыптанат.

“Аналитиктер менен журналисттердин ролу тууралуу сөз саясатка кошумча нерсе эмес, тескерисинче, анын ажырагыс бөлүгү болуп саналат”, — деди профессор.

Ошондой эле Жекшенкулов бүгүнкү күндө ШКУ 10 мамлекетти бириктирип, өнүгүүсүнүн маанилүү этабына жеткенин белгиледи. Анын айтымында, алдыдагы он жылдыкта негизги суроо уюмга дагы кимдер кошулары эмес, өлкөлөр канчалык натыйжалуу биргелешип иштей алары болот.

“Эми кеңейүүдөн кызматташуунун сапатына өтүү мезгили келди”, — деп баса белгиледи ал.

Профессор аналитикалык борборлордун жана ЖМКлардын ролуна өзгөчө көңүл буруп, алар саясий чечимдер менен алардын иш жүзүндө аткарылышынын ортосундагы байланышты камсыз кыларын белгиледи.

Ал ШКУнун учурдагы институттарын реалдуу мазмун менен толтуруу, транспорт, коопсуздук, климаттын өзгөрүшү, суу ресурстары жана санариптик технологиялар сыяктуу маанилүү багыттар боюнча биргелешкен изилдөөлөрдү өнүктүрүү, ошондой эле эксперттер менен журналисттердин байланышын күчөтүү деген үч негизги багытка көңүл бурууну сунуштады.

“Коомдук пикирсиз аналитиктердин эмгеги байкалбай калышы мүмкүн, ал эми олуттуу талдоосуз маалыматтык күн тартиби жөн гана куру сөзгө айланат. Экөө биргелешкенде гана ШКУ алкагындагы процесстер тууралуу объективдүү түшүнүктү калыптандырууга болот”, — деди ал.

Жекшенкулов ошондой эле Борбор Азия өлкөлөрүнүн уюмдун өнүгүшүндөгү өзгөчө ролун белгиледи. Анын айтымында, мамлекеттер ири оюнчулардын артынан ээрчип гана тим болбостон, жалпы күн тартибин түзүүгө өз салымын кошуп, жаңы идеяларды жана практикалык чечимдерди сунушташы керек.

“Эгемендүүлүк мамлекеттин көлөмү менен эмес, даярдалган идеяларды сунуштап, конкреттүү иштерди ишке ашыра билүү жөндөмү менен өлчөнөт”, — деди ал.

Анын айтымында, ШКУнун негизги принциптерин — диалогду, тең укуктуулукту жана кызматташууну сактоо дипломаттардын гана эмес, эксперттик коомчулуктун да милдети.

“Бүгүнкү форум ШКУнун жалпы үйүн курууга жана өз ара түшүнүшүүнү бекемдөөгө саясий чечимдер менен гана эмес, биргелешкен интеллектуалдык аракеттер аркылуу да салым кошот деп ишенем”, — деп жыйынтыктады Аликбек Жекшенкулов.

Белгилей кетсек, бүгүн Бишкек шаарында ШКУга мүчө мамлекеттердин ЖМК жана аналитикалык борборлорунун форуму биринчи жолу өтүүдө. Иш-чаранын уюштуруучулары — Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттиги жана Кытайдын Синьхуа маалымат агенттиги.

Форумга 26 өлкөдөн 250гө жакын өкүл катышууда. Алардын арасында ири маалымат агенттиктеринин жетекчилери, ЖМК өкүлдөрү, аналитикалык борборлордун, илимий мекемелердин, мамлекеттик органдардын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү бар.

Форумдун темасы — “Жаңы доордогу ШКУ: өз ара түшүнүшүүдөн практикалык кызматташтыкка карай” деп аталат.

Пленардык жыйындарда жана тематикалык сессияларда катышуучулар эл аралык маалыматтык кызматташууну өнүктүрүү, медиа чөйрөнү санариптик трансформациялоо, гуманитардык байланыштарды бекемдөө жана дүйнөлүк маалымат мейкиндигиндеги заманбап чакырыктарды талкуулап жатышат.