Бишкек, 14.09.26 /Кабар/. Акын жана драматург Жеңишкүл Өзүбекова “Кыргыз эл жазуучусу” ардак наамына татыганына байланыштуу сезимдери менен бөлүштү. Бул тууралуу ал мамлекеттик сыйлыктарды жана ардак наамдарды тапшыруу аземинде билдирди.
Драматург анда “Кыргыз эл жазуучусу” наамын президент Садыр Жапаровдун колунан алып жатканы өзгөчө сезим экенин белгиледи.
“Мен үчүн бул президенттен алып жаткан биринчи сыйлык. Чынын айтсам, ичимден көп күттүм. Бирок анын артынан чуркаган жокмун, сураган жокмун, иштей бердим. Эл мени куттуктап жатып, “сыйлык сизди издеп келди, өзү таап келди” деп айтып жатышат. Буга мен да кошулам. Бүгүнкү бийлик эмгегимди көрүп, баалап, ушул жогорку наамды берип жатканына абдан толкунданып, сүйүнүп турам”, — деди ал.
Белгилей кетсек, бүгүн, “Ынтымак Ордодо” президент Садыр Жапаровдун катышуусунда мамлекеттик сыйлыктарды жана ардак наамдарды тапшыруу аземи өттү.