Жеңилдетилген насыялар дыйкандарга түз жетип жатабы? Президент текшерүүнү тапшырды

Аймак
Жеңилдетилген насыялар дыйкандарга түз жетип жатабы? Президент текшерүүнү тапшырды

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 03.11.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Талас облусунун Айтматов жана Манас райондорунун тургундары менен жолугууда дыйкандарга берилүүчү жеңилдетилген насыялардын түздөн-түз фермерлерге жетип жатканын текшерүүнү жана 2027-жылы бул насыянын көлөмүн көбөйтүүнү карап чыгууну тапшырды.

Аталган жолугушууда Талас облусунун Чоң-Кара-Буура айылынын тургуну Раззак Кыдыралиев "Айыл Банк" аркылуу 4, 6 жана 10 пайыздык насыялар тууралуу маалымат болгону менен иш жүзүндө алуу кыйын болуп жатканынпрезидентке билдирди. Ал өзү учурда 22 пайыздык үстөк менен насыя алып жатканын айтып, дыйкандар үчүн төлөм мөөнөтүн да жеңилдетүүнү сунуштады.

"Биз "Айыл Банк" менен 11 жылдан бери иштешип келебиз. Бирок 6 жана 4 пайыздык насыяларга жете албай жатабыз. Дыйкандар насыя алгандан үч ай өткөндөн кийин эле төлөй баштайт. Мүмкүн болсо, жеңилдетилген мөөнөттү үч жылга узартып берсеңиздер. Бул дыйкандарга жана фермерлерге чоң жеңилдик болмок", — деди ал.

Буга жооп берген Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлү чакан жана орто ишканаларды колдоо программасынын алкагында быйыл февраль айынан бери 7 млрд сом 6 пайыздык үстөк менен берилгенин, ал эми дыйканчылык жана мал чарбачылыгы үчүн 3 пайыздык насыялар каралганын маалымдады.

Президент эмне себептен анда дыйкан 20–22 пайыздык үстөк менен насыя алып жатканы тууралуу суроо узатып, жеңилдетилген каражаттардын чындап эле дыйкандарга жетип жатканын текшерүүнү тапшырды.

"Тиешелүү министрликтер жана банктар дыйкан, фермерлерге бөлүнгөн каражаттардын түз жетип жатканын тектешерип чыккыла. Мурда жеңилдетилген насыяларды ортомчулар алып, өздөрү жүгүртүп иштеткен учурлар болгон. Быйыл андай көрүнүштөр кайталанган жокпу, текшергиле. Эгерде дыйканчылык менен алектенип жатса, 20 пайыздык насыя менен иштөө пайдалуу болбойт. Биз ошондуктан үстөк пайызын 6 жана 3 пайызга түшүрүү аракетин көрүп жатабыз", — деди Садыр Жапаров.

Ошондой эле мамлекет башчысы насыялардын төлөө мөөнөтүн узартуу маселесин карап чыгууну сунуштады. Жыйындын жүрүшүндө учурда бул мөөнөт 12 айга чейин болуп жатканы айтылды.