Аманбаев айылындагы жер боюнча талашка чекит коюлабы?

Аймак
Аманбаев айылындагы жер боюнча талашка чекит коюлабы?

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 03.11.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Талас облусундагы Айтматов районунун Аманбаев айылындагы талаштуу жердин маселесин чечүүнү жергиликтүү бийликке тапшырды. Бул тууралуу мамлекет башчысынын Манас жана Айтматов райондорунун тургундары менен жолугушуусунда белгилүү болду.

Жолугушууда Аманбаев айылынын тургуну ага таандык, бирок учурунда китепкана жана медициналык пункт катары пайдаланылган жер боюнча кайрылды. Анын айтымында, ал 1990-жылдары аталган жерди колхозго таандык жерлер сатыкка коюлганда сатып алган. Учурда анын мыйзамдуу документтери бар. Имараттын жалпы аянты 1,5 гектарды түзөт.

Жалгыз бой жана беш баланын апасы болгон тургун имаратты оңдоп-түзөп, тиешелүү документтерин топтогондон кийин ага карата кысым көрсөтүлүп жатканын билдирди.

Президент Садыр Жапаров имараттын сатылышы мыйзамсыз болгонун белгилеп, анын наркын убагында объектини саткан айыл өкмөтү төлөп бериши керектигин айтты. Ошондой эле облус башчысына маселени жеринде жана ар тараптуу кароону, облустук деңгээлде түзүлгөн комиссиянын корутундусун чыгарууну тапшырды.

Мындан тышкары, Жогорку сотко ишти адилеттүү кароо зарылдыгын белгиледи.