Жаңы Зеландияда цунами коркунучу боюнча эскертүү жарыяланды

Дүйнө Загрузка... 16 Июль 2026 17:25
WhatsApp Image 2026-07-16 at 17.29.17.jpeg

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 16.07.26 /Кабар/. Жаңы Зеландиянын бийлиги күчү 6,3 баллга жеткен жер титирөөдөн кийин цунами коркунучу тууралуу эскертүү жарыялады. Бул тууралуу РИА Новости билдирет.

Маалыматка ылайык, жер титирөө Түштүк аралдагы Те-Анау шаарына жакын аймакта, шаардан болжол менен 40 чакырым түндүктө катталган. Айрым алдын ала маалыматтар боюнча, жер титирөөнүн күчү 6,6 баллга чейин жетиши мүмкүн экени айтылууда.

Өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар боюнча улуттук агенттиги Түштүк аралдын батыш жээгиндеги жашоочуларды коопсуз жайларга көчүүгө чакырды. Тактап айтканда, Милфорд-Саунд аймагынан Пуйсегур тумшугуна чейинки жээк тилкесинде жашагандар бийик жерлерге чыгууга же жээктен мүмкүн болушунча алысырак кетүүгө тийиш.

Куткаруу кызматтары биринчи толкун эң күчтүү болбой калышы мүмкүн экенин, бирок кооптуу абал бир нече саатка созулушу ыктымал экенин эскертти.

Жарандарга расмий билдирүү берилмейинче үйлөрүнө кайтып барбоо, пляждардан, дарыялардын куйган жерлеринен жана деңиз жээгинен алыс болуу сунушталды. Ошондой эле толкундарды көрүү үчүн жээкке барууга тыюу салынды.

Бийлик өлкөнүн жээк аймактарында узакка созулган же катуу жер титирөөнү сезген тургундар кошумча билдирүүнү күтпөстөн, дароо коопсуз жайларга көчүшү керектигин билдирди.