Өнөр жай ишканаларын ачуу. Кыргыз делегациясы Кытайда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө

Министрлер кабинети 02 Март 2026 10:15
69a4ed54a485d-thumb.jpeg
69a4ed54c371b-thumb.jpeg
69a4ed55a578f-thumb.jpeg
69a4ed55cb626-thumb.jpeg
69a4ed56c0f66-thumb.jpeg
69a4ed56e4141-thumb.jpeg
69a4ed57f23ab-thumb.jpeg
69a4ed553d1a4-thumb.jpeg
69a4ed562b5b7-thumb.jpeg
69a4ed5668b22-thumb.jpeg
69a4ed56099b5-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
69a4ed54a485d-thumb.jpeg
69a4ed54c371b-thumb.jpeg
69a4ed55a578f-thumb.jpeg
69a4ed55cb626-thumb.jpeg
69a4ed56c0f66-thumb.jpeg
69a4ed56e4141-thumb.jpeg
69a4ed57f23ab-thumb.jpeg
69a4ed553d1a4-thumb.jpeg
69a4ed562b5b7-thumb.jpeg
69a4ed5668b22-thumb.jpeg
69a4ed56099b5-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 02.03.26. /Кабар/. Күн мурун Цзинань шаарында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов менен Кытайдын Шаньдун провинциясынын Коммунисттик партиясынын катчысы Линь Унун ортосунда сүйлөшүүлөр болду.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктүн жогорку деңгээлин ырастап, аймактар аралык кызматташтыкты өнүктүрүүнү талкуулашты. Кыргызстандын аймактары менен Шаньдун провинциясынын өнөктөштүгүнүн маанилүүлүгү белгиленди.

Эдил Байсалов практикалык кызматташууну активдештирүү, анын ичинде чакан жана орто бизнести колдоо үчүн Кыргызстанда жаңы өндүрүш ишканаларын түзүү маселелерин көтөрдү.

“Президент Садыр Жапаровдун жетекчилиги астында акыркы 5 жылда жетишилген социалдык-экономикалык өсүштүн жогорку темптеринин аркасында Кыргызстан өнүгүүнүн жаңы этабына кадам таштоодо. Бүгүнкү күндө өлкө жетекчилиги тарабынан өндүрүшкө жаңы технологияларды массалык түрдө киргизүү, экспортко багытталган өнөр жай ишканаларын ачуу, жаштар үчүн жаңы жумуш орундарын түзүү милдети коюлган. Учурда Кыргызстандын министрлер кабинети бул жаатта бир катар жаңы мамлекеттик программаларды иштеп чыгууда жана Кытайдын тажрыйбасын активдүү колдонууга ниеттенүүдө”, — деди Эдил Байсалов.

Шаньдун провинциясынын Коммунисттик партиясынын катчысы Линь У ар тараптуу кызматташтыкты кеңейтүүгө, инвестициялык байланыштарды өнүктүрүүгө жана элдердин ортосундагы алмашууну активдештирүүгө көмөктөшүүгө даярдыгын ырастады.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар аймактар аралык кызматташтыкты мындан ары чыңдоо боюнча кадамдарды белгилешип, биргелешип иштөөнү улантууну макулдашышты.