Бишкек. 22.04.26 /Кабар/. Жаңы картошканын баасынын жогору болушуна сезондук факторлор таасирин тийгизет. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Талдоо, отчеттуулук жана ЕЭК менен өз ара аракеттешүү башкармалыгынын башкы адиси Айзада Керимбаева “Кабар” агенттигине билдирди.
Анын айтымында, картошканын баасы өткөн жылдагы түшүмдүн запастары азайып, ал эми жаңы түшүм рынокко толук чыга электигине байланыштуу өсүшү мүмкүн.
Ошондой эле коңшу мамлекеттерден импорттолгон продукциянын баасы жогору болуп, рыноктогу жалпы баанын деңгээлине таасир этүүдө. Сунуш көбөйгөн сайын баанын турукташуусу күтүлөт.
"Учурда Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы тарабынан азык-түлүккө, анын ичинде картошкага болгон баага туруктуу мониторинг жүргүзүлүүдө. Баанын кескин жана негизсиз өсүшүнө жол бербөө максатында рыноктук субъекттерге түшүндүрүү иштерин жүргүзөбүз. Зарыл болгон учурда аларга эскертүү берип, мыйзамдын негизинде чараларды көрөбүз", — деди ал.
Ошондой эле Керимбаева белгилегендей, 21-апрелге карата картошканын орточо чекене баасы өлкө боюнча 46 сом 13 тыйынды түздү. Региондордо 45 сомдон 53 сомго чейинки баада сатылууда.
Эске салсак, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы социалдык жактан маанилүү 16 товардын баасын мамлекеттик жөнгө салуу иштерин жүргүзөт. Алардын катарына картошка, пияз жана сабиз сыяктуу жашылчалар кирет.