Бишкек, 09.03.26. /Кабар/. Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Мамыржан Рахимов Баткен районунун Жаңы-Достук айылынын тургундарынан кабар алды. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.
Белгилей кетсек, өткөн жылы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоонун жыйынтыгында алмашылган аймактардын тургундары үчүн Жаңы-Достук айылына 181 үй курулуп, эл көчүрүлгөн.
Ошондой эле мамлекет чек ара айылдарынан көчкөн тургундардын чарбалык курулуштары жана бак-дарактары үчүн ири өлчөмдөгү кенемте төлөп берди:
- Баткен району боюнча: 139 жаранга 1 млн сомдон, 173 жаранга 500 миң сомдон каражат берилди. Жалпысынан райондук администрацияга 225,5 млн сом бөлүнгөн.
- Лейлек району боюнча: 63 жаранга 1 млн сомдон, 21 жаранга 500 миң сомдон акча каражаты которулду. Районго жалпы 73,5 млн сом бөлүнгөн.
Учурда Жаңы-Достук айылынын тургундары жаңы конушта турмуш-тиричилигин жолго коюп жатышат. Маанилүүсү, айрым жарандар мамлекет тарабынан берилген компенсациялык каражаттарды туура пайдаланып, өз алдынча ишкердик баштап, киреше табуунун аракетинде.
Облус башчысы Мамыржан Рахимов тургундар менен баарлашуу учурунда мамлекет мындан ары да чек ара аймактарын өнүктүрүүгө жана элдин социалдык абалын жакшыртууга өзгөчө көңүл бурарын баса белгиледи.