Ош шаарында жакында жаңы мектеп пайдаланууга берилет

Аймак
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 18.11.26. /Кабар/. Ош шаарында курулган Барпы Алыкулов атындагы жаңы мектеп жакында пайдаланууга берилет.

Курулуш министрлигинен билдиришкендей, жаңы имаратта эки нөөмөт менен окутууну эске алганда, жалпы 2500гө жакын окуучу билим ала алат.

Башкы план боюнча жалпы аянты 13 610 чарчы метрди түзгөн, 4 кабаттуу, 5 блоктон турган мектеп курулду. Окуу жайда заманбап окуу класстары, лабораториялар, китепкана, ашкана, жыйындар залы, эмгек жана информатика кабинеттеринен тышкары, спорт залы каралган.

Ошондой эле окуучулардын ден соолугуна жана сабак учурундагы ыңгайлуулугуна өзгөчө көңүл бурулуп, заманбап эргономикалык парталар жана окуу эмеректери менен жабдылган.

Жаңы мектепти жакын арада пайдаланууга берүү пландалууда.

Белгилей кетсек, эски мектеп 1987-жылы курулган.