Жаштар форумунда өспүрүмдөргө жарык берүүчү каражаттар таратылды

Коом 1285 05 Март 2025 22:22
474875483_1067922865381457_663281646599781227_n.jpg
WhatsApp Image 2025-03-05 at 19.18.42.jpeg
WhatsApp Image 2025-03-05 at 19.19.58.jpeg
Алдыга
Артка
474875483_1067922865381457_663281646599781227_n.jpg
WhatsApp Image 2025-03-05 at 19.18.42.jpeg
WhatsApp Image 2025-03-05 at 19.19.58.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 05.03.25. /Кабар/. Күн мурун, Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз мамлекеттик филармониясында өткөн “Жаңы муун - жаркын келечек, таза муун - коопсуз келечек” аттуу жаштар форумунда өспүрүмдөргө жарык берүүчү каражаттар таратылды.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, аталган форум министрлер кабинетинин “2022-2028- жылдарга карата укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндөгү концепциясынын” жана 2023-жылдын 4-декабрында кабыл алынган иш-аракеттердин Улуттук планынын негизинде уюштурулган.

Форум учурунда ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан мектеп окуучуларына жарык чагылдыруучу каражаттар таратылды.