Садыр Жапаровдун президенттик кызматтагы беш жылы жоопкерчиликти карманган бийлик вертикалы, чечкиндүү кадамдар жана жогорку ылдамдыкта аткарылып жаткан иштер менен мүнөздүү болуп калды. Жылдап тыйылбаган коогалаңдардан кийин саясий туруктуулук орноп, бюджеттин көлөмү кескин көбөйүп, ири инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырылууда.
Экономикалык өсүш
Биринчиден, ИДПнын өсүү темпи жогорулады. 2026-жылга карай Кыргызстандын экономикасы туруктуу өнүгүүнү көрсөтүп жатат. ИДПнын жалпы көлөмү 22,6 млрд доллардан ашты. Бул сумманы президенттин администрациясы 2030-жылга чейин 30 миллиардга жеткирүүнү максаттоодо.
Экинчиден, бюджеттин көлөмү кыйла өстү. Салык кызматынын кирешеси 304,3 млрд (2020-жылы 78 млрд) сом, Бажы кызматыныкы 157,4 млрд (2020-жылы 28,9 млрд) сом болду. Казынанын салыктык эмес кирешелери дээрлик тогуз эсе өстү. Эл аралык резервдер 8 млрд доллардан ашып, анын басымдуу бөлүгүн алтын кору түздү.
Ири активдер мамлекетке кайтарылып, көзөмөл күчөдү. Алардын башында Кумтөр алтын кени турат. Кен мамлекеттик башкарууга өткөн 2021-жылдан бери 5 млрд доллардан ашык кирешеге чыгып, анын 1 миллиарддан ашыгы бюджетке түштү. Жапаровго чейинки 30 жыл ичинде мамлекет Кумтөрдөн болгону 101 млн доллар киреше алганы маалым.
Мындан сырткары, санариптештирүү жана фискалдаштыруу аркылуу көмүскө экономика менен күрөш тынбай жүрүп жатат. Казынага түшкөн каражатка ири долбоорлор, жолдор, ипотекалык үйлөр курулууда.
Түп-тамырынан өзгөргөн башкаруу системасы
Бийлик борборлоштурулду. 2021-жылы жүргүзүлгөн конституциялык реформага ылайык Кыргызстан президенттик-парламенттик башкаруу тартибинен президенттик республикага айланды. Аткаруу бийлигинин жоопкерчилиги күчөтүлдү.
Жаңы институт – Элдик курултай түзүлдү. Ал президент менен элдин түз баарлашуусу үчүн аянт катары колдонулуп жатат.
Акыркы беш жылда паракорлук жана уюшкан кылмыш топтору менен мурда болуп көрбөгөндөй катаал күрөш жүргүзүлдү.
Тышкы саясат жана чек ара чырларынын чечилиши
Тажикстан жана Өзбекстан менен чек ара талаштарына чекит коюлду. Натыйжада Фергана өрөөнүндөгү жаңжал кооптуулугу азайды. Эл аралык эксперттер президент Жапаровдун иш-аракеттеринин жыйынтыгында Кыргызстандын бул региондогу ролу кыйла күчөгөнүн белгилеп жатышат.
Тышкы саясатта Кыргызстан Россия жана Кытай менен стратегиялык өнөктөштүктү сактап калды. Учурда коңшулардын катышуусунда Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолу курулууда. Бул долбоор бүтүндөй региондун күн тартибин өзгөртөт. Ошондой эле биздин өлкө Түркия, Араб жана Африка өлкөлөрү менен мамилени өнүктүрүүдө.
Жаңы Кыргызстанды калыптандырууга бел байлаган “Уңгу жол”
Белгилүү коомдук жана мамлекеттик ишмер Аликбек Жекшенкулов Садыр Жапаровдун жетекчилиги алдындагы беш жылда Кыргызстан жаратмандык менен алдыга жылып, жаңы Кыргызстанды калыптандыруу жолуна түшкөнүн белгиледи.

“Беш жыл ичинде өлкө жаратмандык мааниде айтканда таанылгыстай өзгөрүлдү. Эң алды ички жана тышкы коопсуздук маселесин белгилегим келет. Өлкө ичинде мамлекеттин, коомдун жашоосуна терс таасирин тийгизип келген системалуу криминал жок кылынды. Биз буга баа беришибиз керек.
Тышкы коопсуздук туурасында айтсам, Тажикстан жана Өзбекстан менен чек ара маселелердин чечилиши Борбор Азиядагы абалды көзгө көрүнөрлүк деңгээлде жакшыртты. Үч өлкөнүн президенттери Россиянын жетекчилиги тарабынан бааланып, Лев Толстой атындагы эл аралык тынчтык сыйлыгы тапшырылды. Ийгиликти көптөгөн эл аралык эксперттер да белгилеп өтүшкөн.
Кыргызстандын дүйнөлүк коомчулукта эл аралык кадыр-баркы олуттуу бекемделди. Кыргызстан, жаңы кыргыз жолу жөнүндө сый-урмат менен айтылып жатат. Бул өлкө үчүн инвестицияларды, туристтерди тартууда, жалпысынан экономикалык, маданий-гуманитардык өнүгүү үчүн маанилүү.
Президент тарабынан идеологияны калыптандыруу боюнча жаңы кадамдар жасалып жатат. Идеология өнүгүү, элдин келечеги үчүн абдан маанилүү. Ошондуктан “Уңгу жол” жаңы концепциясы мамлекеттик жана коомдук идеологияны өнүктүрүү үчүн жаңы жолдорду, ал гана эмес мыкты келечекке жана жаратмандыкка умтулган инсанды калыптандыруу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү жаратууда”, - деди коомдук ишмер Аликбек Жекшенкулов.
Саясат таануучу Зайнидин Курманов Садыр Жапаров бийликке келген беш жыл ичинде реформа бардык тармактар жана багыттар боюнча жүргөнүн белгилейт.

“Реформалар айрым тармактарда эмес, жалпы системада жүрүп жатат. Конституциядан башталып, мамлекеттик башкаруу, бийлик бутактары, аткаруу тартиби, паракорлук жана криминалитет менен күрөш, дегеле бардык багыттар боюнча өзгөрүүлөрдү көрүп жатабыз.
Мурда экономика сымал айрым секторлорго олуттуу реформа жасалган эмес. Жетишкендиктердин арасынан Кумтөрдү улутташтырууну алсак болот. Кумтөр башынан эле бизге иштесе, биздин өлкө башкача болмок экен.
Борбор Азия мамлекеттери биригип Камбар-Ата-1 ГЭСин кура тургандыгын билдиришти. "Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан” темир жол долбоору практикалык түрдө ишке ашырылууда. Ал аркылуу Кыргызстан дүйнөлүк соода түйүнүнө аралашып, туруктуу катышуучусу болуп калат. Биздин өлкө эл аралык соода хабына айланат.
Албетте, ири долбоорлордун ишке ашырылуусу, экономикалык жогорку көрсөткүчтөр жана чек аралардын чечилиши, эң чоң жетишкендик. Ошондой эле коррупция менен күрөш да көмүскө экономиканы ачыкка алып чыкты.
Акыркы беш жылда аткарылган иштер өлкөнүн жаркын келечегине үмүт жаратты. Эми темпти сактап иштей бериш керек”, - деди саясат талдоочу Зайнидин Курманов.