Жапаров Нарындагы аскер шаарчасынын курулушу менен таанышты

Президент 7 октябрь 2026 16:40
838744510_29227624033501186_1981374210768969994_n.jpg
840642881_1254819040147135_1141792907452595916_n.jpg
835748927_38961847533461935_333565861756752270_n.jpg
839806674_1416857453917442_5464465698753092764_n.jpg
841193566_1090927606879786_5436617004420865957_n.jpg
836514269_1081125051478367_2495178718550521706_n.jpg
837460419_957571656872423_4391442533700164266_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 07.10.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-октябрда Нарын облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Мамлекеттик чек ара кызматынын ”Тайлак баатыр“ атындагы Нарын облусу боюнча чек ара башкармалыгынын жаңы аскер шаарчасын куруу долбоору менен таанышты.

Мамлекет башчысына долбоор, анын негизги объектилери жана түзүлүп жаткан инфраструктура тууралуу маалымат берилди.

Жаңы аскер шаарчасы Нарын шаарында аянты 13,4 га болгон жер тилкесине курулууда. Курулуш иштери 2026-жылдын I чейрегинде башталган, иштерди 2027-жылдын III чейрегинде аяктоо пландалууда.

Бул аскер шаарчасында аскер кызматкерлеринин кызмат өтөөсүн, жашоосун жана турмуш-тиричилик шарттарын камсыз кылуу үчүн зарыл болгон объектилердин кеңири комплекси каралган. Атап айтканда, штаб, казарма, кароол кызматтарынын объектилери, окуу классы жана башка имараттар курулат.

Ошондой эле аскер шаарчасынын аймагында 60 орундуу бала бакча, балдар оюн аянтчасы, спорттук шаарча жана футбол талаасы, конок үйү каралган.

Долбоорду ишке ашыруу аскер кызматкерлерин кызматты аткаруу, жашоо-тиричилик жактан камсыздоо үчүн заманбап шарттарды түзүүгө, ошондой эле Нарын облусу боюнча чек ара башкармалыгынын материалдык-техникалык базасын чыңдоого багытталган.

Мамлекет башчысы курулуп жаткан объектилердин сапатына, аймакты көрктөндүрүүгө жана аскер кызматкерлерине жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө кызмат өтөө жана жашоо үчүн тийиштүү шарттарды түзүп берүүгө өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгиледи.