Жапаров менен Пезешкиан кыргыз-иран мамилелеринин келечегин талкуулады — Кабар

Жапаров менен Пезешкиан кыргыз-иран мамилелеринин келечегин талкуулады

Президент 31 август 2026 17:30
3.jpg
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 31.08.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 31-августта Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммитине жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышуу үчүн Кыргызстанга келген Иран Ислам Республикасынын президенти Масуд Пезешкиан менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-иран мамилелеринин учурдагы абалын жана мындан ары өнүктүрүү келечегин талкуулашты.

4.jpg

Соода-экономикалык жана энергетикалык кызматташтык, транспорттук-логистикалык өз ара аракеттенүү, ошондой эле маданий-гуманитардык байланыштарды кеңейтүү маселелери каралды.

Тараптар ошондой эле эки жактуу жана эл аралык күн тартибиндеги өз ара кызыкчылык жараткан актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашты.