Бишкек, 02.09.26. /Кабар/. Кыргызстан-Пакистан кызматташтыгы эки элдин ортосунда достук көпүрөлөрүн курууга бекем негиз түзөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Пакистандын премьер-министри Мухаммад Шахбаз Шариф менен биргеликте ЖМКлар үчүн билдирүү жасаганда билдирди.
Садыр Жапаров Кыргызстан маданий-гуманитардык багыттарда иштерди мындан ары улантуу маанилүүлүгүн белгиледи.
“Бүгүн Кыргызстанда Пакистандын миңдеген студенттери, негизинен, медициналык адистиктер боюнча билим алууда. Биз аларды элдерибиздин ортосундагы гуманитардык байланыштардын маанилүү бөлүгү катары карайбыз. Бүгүнкү студенттер эртең өлкөлөрүбүздү көп жылдар бою байланыштырып турган дарыгерлер, адистер жана кесипкөй кадрлар болушат деп ишенем.
Илим, маданият, туризм, жаштар алмашуусу жана спорт тармагындагы кызматташтык эки тараптуу мамилелердин маанилүү бөлүгүн түзөт. Ушуга байланыштуу Пакистандын VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуусун өзгөчө белгилегим келет. Пакистан оюндарга өзүнүн ири спорттук делегациясы менен катышууда. Муну биз салттуу спорт түрлөрүн сактоо жана жайылтуу боюнча жалпы демилгебизге көрсөтүлгөн урмат-сыйдын айкын көрүнүшү катары кабыл алабыз", - деди мамлекет башчысы.
Ошондой эле Садыр Жапаров бүгүнкү сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында жетишилген макулдашуулар ырааттуу түрдө ишке ашырыларына ишенимин билдирди.