Бишкек, 01.09.26. /Кабар/. Кыргызстан Бишкектин жанындагы кооз чокуну Шанхай кызматташтык уюму деп атоону чечти. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров “ШКУ плюс” форматындагы жыйында билдирди.
Мамлекет башчысы белгилегендей, аталган чоку 4050 метр бийиктикте жайгашкан.
“Кыргызстан - тоолордун өлкөсү. Ал эми тоолордо саммит жолдун аягы эмес экенин жакшы билишет. Бул жаңы горизонтторду көрүүгө боло турган бийиктик.
Бишкек саммити ШКУ үчүн дал ушул бийиктик болуп калсын, андан биз кийинки чейрек кылымга жолду чогуу көрө алабыз.
Уюмубуздун жана азыркы саммитибиздин урматына Кыргыз Республикасы Бишкектин жанындагы 4050 метр бийиктикте жайгашкан кооз чокуну Шанхай кызматташтык уюму деп атоону чечти.
Бул чечим менен биз ШКУнун алкагында көп кырдуу кызматташтыкты андан ары тереңдетүүгө болгон берилгендигибизди дагы бир жолу тастыктайбыз”, - деди өлкө башчысы.
Жыйындагы видеодо көрсөтүлгөндөй, альпинисттер бул чокуга чыгып, маалымат тактасын орнотушкан.