Жапаров: Кадамжай сурьма комбинаты бир жарым жылда толук кубаттуулукта иштейт

Аймак 12 октябрь 2026 22:30
Жапаров: Кадамжай сурьма комбинаты бир жарым жылда толук кубаттуулукта иштейт

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 12.10.26. /Кабар/. Кадамжай сурьма комбинатын мамлекеттин карамагына алдык, бир жыл, бир жарым жылдын ичинде толук кубаттуулукта иштей баштайт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Кадамжай районунун жана Кызыл-Кыя шаарынын тургундары менен жолугушууда билдирди.

Эл менен жолугушууда Кадамжай шаарынын ардагерлер кеңешинин төрагасы Ураимберди Бакиров комбинаттын мурдагы профилакторийин калыбына келтирип, элдин ден соолугун чыңдоочу жай катары иштетүү өтүнүчүн айтты.

Анын айтымында, ал Кадамжай сурьма комбинатында 30 жылдан ашык эмгектенип, пенсияга чыккан. Комбинаттын карамагында мурда үч кабаттуу профилакторий болгон, бирок кийин ал бузулуп калган.

“Ал жерде дарылоочу баткак бар эле. Ошол жайды эл пайдаланса, үч кабаттуу профилакторийди кайра иштетсек деген өтүнүчүм бар. Анын аппараттарын жаңылап, элдин ден соолугун чыңдоочу жай кылып берүүгө жардам көрсөтсөңүз”, — деди Ураимберди Бакиров.

Ал ошондой эле президенттин аймактарга келип, жергиликтүү тургундар менен жолугушуусу аткарылып жаткан иштерди көзөмөлдөөгө жана элдин көйгөйлөрүн түз угууга мүмкүнчүлүк берерин белгиледи.

Өз кезегинде мамлекет башчысы комбинатты мурдагы инвесторлордон мамлекеттин карамагына алганын айтып, ишкана толук кубаттуулукта иштей башташы үчүн бир аз убакыт керектигин билдирди.

“Комбинатты өзүбүзгө алдык, мурда инвесторлордо болчу. Азыр эми бир жыл, бир жарым жыл күтүп турсак, бул катуу иштеп кеткен комбинат болот. Баягы союз кездегидей эле, сиз Москванын камсыздоосунда кылып бер дебедиңизби, биз аны Бишкектин камсыздоосунда кылып коёбуз. Инвесторлордон өз карамагыбызга алгандан кийин бир жыл, бир жарым жыл кичине чыдап турсак, комбинат толук кубаттуулукта иштеп кетет”, — деди Жапаров.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров бүгүн Кадамжай районунун жана Кызыл-Кыя шаарынын тургундары менен жолугушуп, алардын суроолоруна жооп берди.