Таластагы жалгыз бой эненин 16 млн сомдук салык карызын териштирүү тапшырылды

Аймак
WhatsApp Image 2026-11-03 at 19.58.21.jpeg
WhatsApp Image 2026-11-03 at 19.58.20.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-11-03 at 19.58.21.jpeg
WhatsApp Image 2026-11-03 at 19.58.20.jpeg
Алдыга
Артка

Бишкек, 03.11.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Талас облусунун тургунунун атына мурдагы жолдошу каттатып кеткен, ишкердиктен улам пайда болгон 16 млн сомдук салык карызын кайрадан текшерүүнү тапшырды. Бул тууралуу мамлекет башчысынын Айтматов жана Манас райондорунун тургундары менен жолугушуусунда белгилүү болду.

Жолугушууда Гүлзат аттуу тургун президентке кайрылып, тогуз жыл мурда ажырашканына карабастан, мурдагы жолдошу соода ишин жүргүзүү үчүн анын атына каттаткан жеке ишкердик жабылбай калганын айтты. Натыйжада жылдар ичинде салык карызы топтолуп, туумдары менен кошо 16 млн сомго жеткен.

Анын айтымында, учурда төрт баласын жалгыз тарбиялап келет. Соттуулугу жана өлкөдөн чыгууга коюлган чектөөлөрдөн улам жумушка орношо албай жатканын айтып, ал президенттен жардам сурады.

Укук коргоо органдарынын өкүлдөрү бул жагдай боюнча буга чейин текшерүү жүргүзүлгөнүн, бирок жарандык соттун чечими менен мурдагы жолдошу акталганын билдиришти. Ал эми аял мурдагы жолдошунан расмий түрдө алимент өндүртпөгөнүн, бирок ал балдарынын керектөөсүнө мезгил-мезгили менен акча которуп турарын айтты.

Президент Садыр Жапаров иштин бардык жагдайларын кайрадан тыкыр иликтөөнү тапшырды.

“Эгер бул жарандын айткандары тастыкталып, соода ишин чындап эле мурдагы жолдошу жүргүзгөнү аныкталса, ишти кайрадан иликтөө зарыл. Эгер аял өзү ишкердик менен алектенбегени далилденсе, туумду алып салуу жана негизги карызды төлөөгө жардам берүү маселесин карап чыгуу керек” — деди президент.

Мындан тышкары, мамлекет башчысы балдардын атасынын алимент төлөө милдетин мыйзамдуу түрдө жолго коюуну тапшырды.

“Атасы жөн гана мезгил-мезгили менен акча которуп тим болбостон, төрт баласынын тең 18 жашка чыкканга чейинки алиментин мыйзамда белгиленген тартипте төлөп турушу керек. Бул маселени мыйзамдаштырып, төлөмдөрдүн үзгүлтүксүз берилишин камсыздоого жардам бергиле”, — деп белгиледи Садыр Жапаров.