ЖАМУнун окутуучусу 50дөн ашуун алдамчылык фактысына шектелип кармалды

Укук тартиби 21 октябрь 2025 10:24
568505812_1320292713211878_4967200522317011951_n.jpg
568746501_1320292866545196_6932299231367090405_n.jpg
Алдыга
Артка
568505812_1320292713211878_4967200522317011951_n.jpg
568746501_1320292866545196_6932299231367090405_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети

Бишкек, 21.10.25 /Кабар/. Жалал-Абад мамлекеттик университетинин окутуучусу алдамчылык фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Кармалган педагогикалык факультеттин окутуучусу К.З.А. болгон, ал системалуу түрдө алдамчылыкка шектелүүдө.

Шектүү кызматтык абалынан пайдаланып, абитуриенттерди адаштырып, сырттан окуу бөлүмүнө тапшыртып, андан соң экзамендерди ийгиликтүү тапшыруу менен мамлекеттик үлгүдөгү диплом берем деп убада кылганы аныкталган. Кызмат көрсөтүүлөрү үчүн алдамчы мезгил-мезгили менен жабыр тарткандардан окуу акысын төлөө жана семестрлерди "жабуу" үчүн акча алып турган.

Учурда тергөө тарабынан кармалган октуучунун акыркы 5 жыл ичинде жасаган ушул сыяктуу 50дөн ашык алдамчылык фактысы аныкталды.

УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгы К.З.А.нын иш-аракеттеринен жабыркаган жарандар болсо (03722) 5-60-49 жана (0556) 06-18-83 телефондору аркылуу кайрылууну суранат.