Жамалбек Ырсалиев ээлеген кызматынан бошотулуп, кызматы жоюлду

Кадрлар жана дайындоолор Загрузка... 17 Июль 2025 16:06
1085092227_0_56_119.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 17.07.25. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэринин орун басары Жамалбек Ырсалиев ээлеген кызматынан бошотулду.

Мэриядан билдиришкендей, тиешелүү буйрукка калаа башчысы Айбек Жунушалиев кол койду.

Ошондой эле Ырсалиев ээлеген кызмат жоюлуп, транспорттук блог боюнча мэрдин орун басарынын функцияларын аткаруу жана ишин координациялоо Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүм департаментинин директору Уланбек Бейшенбаевге өткөрүп берилди.

Белгилей кетсек, күн мурун Бишкек мэринин орун басары Жамалбек Ырсалиев УКМК тарабынан кармалган.