Жалал-Абаддын Ботокараев көчөсү оңдоп-түзөөдөн соң пайдаланууга берилди

Загрузка... 12 Май 2025 13:31
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Жалал-Абад шаарынын мэриясы

Бишкек, 12.05.25. /Кабар/. Жалал-Абад шаарынын Ботокараев көчөсү оңдоп-түзөөдөн соң пайдаланууга берилди.

Муниципалитеттен билдиришкендей, иш-чарага Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин төрагасы Орозбек Турдубеков, шаардык кеңештин депутаттары, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана жергиликтүү жашоочулар катышты.

Аталган көчө Пушкин жана Шопоков көчөлөрүн бириктирет. Жолдун жалпы узундугу бир чакырымдай аралыкты түзөт. Ал эми туурасы 13 метрге кеңейтилип, жаңыдан асфальт төшөлдү.

Мындан сырткары, тротуар курулуп, темир-бетон арык куурларын жаткыруу, жарыктандыруу иштери жүргүзүлдү.

Аталган көчөнү реконструкциялоо иштери Жалал-Абад шаардык жол башкармалыгы тарабынан жүргүзүлүп, жергиликтүү бюджеттен каржыланды.