Жалал-Абадда "Жашыл мурас" кампаниясын ишке ашыруу боюнча симпозиум өттү

Экология 03 Апрель 2026 11:20
659797920_1517853907015905_2906689624956809010_n (1).jpg
659148679_1517854070349222_718797554417823078_n.jpg
659784944_1517853967015899_6413307721526244499_n.jpg
663228111_1517853973682565_517048717613218416_n.jpg
660766460_1517853933682569_1352853699258109251_n.jpg
659588214_1517854003682562_3992707837842146375_n.jpg
Алдыга
Артка
659797920_1517853907015905_2906689624956809010_n (1).jpg
659148679_1517854070349222_718797554417823078_n.jpg
659784944_1517853967015899_6413307721526244499_n.jpg
663228111_1517853973682565_517048717613218416_n.jpg
660766460_1517853933682569_1352853699258109251_n.jpg
659588214_1517854003682562_3992707837842146375_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин администрациясы

Бишкек, 03.04.26. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Манас шаарында "Кыргызстандын тоолуу региондорунда "Жашыл мурас" кампаниясын ишке ашыруу" темасында симпозиум болуп өттү.

Иш-чара 2023–2027-жылдар мезгили Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгынын алкагында өттү. 

Иш-чара президенттин тоо күн тартиби боюнча атайын өкүлү Динара Кемелова, Токой сектору боюнча Азия кызматташтык уюмунун (AFоCO), БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн, ошондой эле президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн колдоосу менен уюштурулду. 

Симпозиум тоолуу региондорду туруктуу өнүктүрүүнүн артыкчылыктарын талкуулоо жана токойлорду калыбына келтирүү, деградацияланган жерлерди калыбына келтирүү, чөлдөшүүгө жол бербөө үчүн аймактарды жашылдандыруу жана агротокой чарбасын өнүктүрүү боюнча демилгелерди илгерилетүү, ошондой эле аталган аспектилер боюнча тажрыйба алмашуу үчүн аянтча болуп калды. 

Токойлорду жана деградацияланган жайыттарды калыбына келтирүү, төмөн көмүртектүү экономиканын алкагында долбоорлорду илгерилетүү боюнча чаралар талкууланды. Эл аралык өнөктөштөр менен кызматташтыкты кеңейтүүгө, инвестицияларды тартууга жана мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын жана финансы институттарынын аракеттерин координациялоого өзгөчө басым жасалды.

Ошондой эле жашылдандыруу боюнча долбоорлорду ишке ашыруунун практикалык аспектилерине, анын ичинде отургузууларды илимий негиздөөгө, топуракты талдоого, дарактардын түрлөрүн тандоого жана көчөттөрдүн тамыр алышын жана сугарууну камсыздоого олуттуу көңүл бурулду. 

Жергиликтүү деңгээлде мындай практиканы кеңейтүү мүмкүнчүлүгүн көрсөткөн фермердик демилгелердин ийгиликтүү мисалдары өзгөчө кызыгууну жаратты. 

Симпозиум конструктивдүү талкуу жана практикалык сунуштар менен аяктап, бул жаратылышты коргоо демилгелерин ишке ашыруу жана тоолуу аймактарды өнүктүрүүнүн туруктуу натыйжалары үчүн министрликтердин жана ведомстволордун, жергиликтүү бийлик органдарынын, эл аралык уюмдардын жана жергиликтүү жамааттардын ишин координациялоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи.