Бишкек, 17.08.26. /Кабар/. Кербен шаарындагы Жерге-Тал айылында спорт залдын курулушунда мыйзам талаптарынын бузулушу аныкталды.
Курулуш министрлигинин маалыматына караганда, объекттин курулуш-монтаждоо иштери Мамлекеттик бирдиктүү курулуш реестрине каттоодон өтпөстөн жүргүзүлгөн.
Бул факты боюнча "Кайрат Строй Кей Джи" ЖЧКсына 28 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Мыйзам бузуулар жоюлганга чейин курулуш иштери убактылуу токтотулду.
Департамент курулуш иштерин тиешелүү объектти Мамлекеттик бирдиктүү курулуш реестрине каттоодон өткөргөндөн кийин гана жүргүзүү зарылдыгын эскертти.