Бишкек, 12.03.25. /Кабар/. Жалал-Абадда МЖӨ долбоорунун алкагында соода-логистикалык комплекс курулат.
МЖӨ борборунан билдиришкендей, «МСК Групп» ЖЧКсы түз сүйлөшүүлөрдүн негизинде «Жалал-Абад шаарындагы соода-логистикалык комплексти каржылоо, куруу жана башкаруу» долбооруна ээ болду.
Белгиленгендей, Жалал-Абад шаарында заманбап соода-логистикалык комплексти түзүү шаардын жана облустун инфраструктурасын өнүктүрүүгө, логистикалык процесстерди жакшыртууга жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө маанилүү салым болот.