Жалал-Абаддагы "Нур" заводунда өндүрүлгөн электр приборлору 100% экспортко кетет

Аймак 1685 08 Апрель 2025 14:51
489285279_1770471917153398_8224024919323826829_n.jpg
488922622_1770471993820057_1725856367949150365_n.jpg
488932291_1770471943820062_1188701020991391195_n.jpg
488948639_1770471850486738_6555834965169389403_n.jpg
488986863_1770471877153402_2586140214642751631_n.jpg
489036934_1770471853820071_2891991483600051105_n.jpg
489228576_1770471687153421_6832058828563987148_n.jpg
489280217_1770471743820082_3005430763841048396_n.jpg
489341550_1770471753820081_6225033342777993912_n.jpg
489613431_1770471713820085_7412589377870735732_n.jpg
489660832_1770471870486736_5838189257295591635_n.jpg
489678974_1770471720486751_8038097578186472791_n.jpg
489748112_1770471670486756_8533530121030052735_n.jpg
489769970_1770471793820077_5642163253919366145_n.jpg
489804102_1770472060486717_3045531678424495282_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 08.04.25. /Кабар/. Жалал-Абаддагы "Нур" заводунда өндүрүлгөн электр приборлору 100% экспортко кетет. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Бүгүн президенттин өкүлү Тилек Текебаев аталган өндүрүштүк заводдун ишмердүүлүгү менен таанышты.

"Нур" ААК 1944-жылы негизделип, ошондон бери ишмердүүлүк жүгүзүп келет. Азыркы учурда завод атайын жана жарандык максаттар үчүн электр бириктиргичтерин, РП-15 тибиндеги тик бурчтуу жана ШР цилиндр түрүндөгү бириктиргичтерди чыгарып келет. Ага катар штамп жана атайын тетиктер даярдалат. Учурда мекемеде 100 кызматкер эмгектенип, өндүрүлгөн продукция 100% экспортко чыгарылат.

Завод жетекчилиги мекемеде даярдалган продукциялардын көлөмүн арттыруу, ички керектөөчүлөргө жана сыртка экспорттоо жагын кайрадан жолго коюу, атайын жабдуулар орнотулган артезиандык суу өндүрүү багытын жандантууга көмөк көрсөтүүнү сурады.

Өндүрүштүк мекеме менен таанышып чыккан облус башчысы Тилек Текебаев заводдун ишин жакшыртуу боюнча бир катар сунуштарын берди. Эскилиги жеткен атайын жабдууларды жаңылоо менен жалпы модернизациялоого болгон муктаждык бар экенин айтты.

Өкүл алдыдагы убакытта “Нур” заводунун өндүрүмүнүн көлөмү, экспортту кеңейтүү боюнча мүмкүнчүлүктөрү тууралуу министрлер кабинетине жана сырткы инвесторлорго сунуштар берилээрин кошумчалады.