Бишкек, 07.08.26. /Кабар/. Манас шаарындагы көп кабаттуу турак жай комплексинин курулушу боюнча чаралар көрүлдү.
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, текшерүүдө Байзаков көчөсүндөгү объектте долбоордук талаптардан четтөөлөр, уруксат берүүчү документтери жок курулуш иштерин жүргүзүү жана санитардык-техникалык нормаларды сактабоо фактылары аныкталды.
Мыйзам бузуулар боюнча курулуш иштерин жүргүзүп жаткан "Меркит Курулуш" ЖЧКсына 200 миң сом айып пул салынып, талаптар аткарылганга чейин курулуш токтотулду.
Мамлекеттик орган курулуш тармагындагы бардык ишкерлерди мыйзам талаптарын жана техникалык регламенттерди так сактоого чакырды.