Бишкек, 28.07.26 /Кабар/. Жалал-Абад облусундагы Барпы–Сафаровка, Манас–Багыш жана Манас–Благовещенко автомобиль жолдорунда курулуш иштери активдүү жүрүп жатат.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиргендей, учурда жолдорду асфальттоого даярдык көрүү иштери жүрүүдө.
Жол курулуш иштеринин жүрүшү менен министр Талантбек Солтобаев жеринен таанышып, аткарылып жаткан иштердин сапатына өзгөчө көңүл бурулуп, аныкталган кемчиликтерди ыкчам жоюу боюнча подрядчы компанияларга жана тиешелүү жетекчилерге конкреттүү тапшырмалар берилди.
Министр жол курулуштарын белгиленген мөөнөттө бүткөрүү менен катар, иштердин сапатын жана курулуш талаптарынын так сакталышын камсыздоо негизги милдет экенин белгиледи.
Ал ар бир этапта жоопкерчиликти күчөтүп, жолдорду сапаттуу пайдаланууга берүү зарылдыгын баса көрсөттү.