Жалал-Абадда айыл чарба продукциясын сактоо, кайра иштетүү өнүгүүдө

Аймак 23 сентябрь 2026 10:05
819848977_2151876315713418_2265647321847633127_n.jpg
819015906_2693543851048158_5058176277860819122_n.jpg
818291923_1805991533733870_4482738055695936881_n.jpg
820085411_2496032450909906_7632550760487981689_n.jpg
821523422_1755478702395029_4556991435396068605_n.jpg
Алдыга
Артка
819848977_2151876315713418_2265647321847633127_n.jpg
819015906_2693543851048158_5058176277860819122_n.jpg
818291923_1805991533733870_4482738055695936881_n.jpg
820085411_2496032450909906_7632550760487981689_n.jpg
821523422_1755478702395029_4556991435396068605_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 23.09.26. /Кабар/. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Рысгүл Акимжанова Базар-Коргон, Сузак райондорунда жана Манас шаарында иш алып барган айыл чарба жана кайра иштетүү ишканаларынын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Ведомстводон билдиришкендей, Базар-Коргондогу "Арзыбай-Ата Компани" ЖЧКсынын соода-логистикалык борбору жылына 400 тоннага чейин мөмө-жемиш жана жашылча сактоого мүмкүнчүлүк берет. Учурда борбордо малина, болгар калемпири, гилас жана сабиз сакталууда. Ишкана айыл чарба продукцияларын экспортко да чыгарат.

Сузак районундагы ишкана Россиядан алып келинген сырьёдон күн карама майын өндүрүп, продукциясын Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарына жеткирет. Мындан тышкары, ишканада кир самын да өндүрүлөт.

Манас шаарындагы соода-логистикалык борбордо учурда малина жана гилас сакталууда. Ишкана жетекчиси борбордун кубаттуулугун кеңейтүү пландары менен бөлүшүп, өндүрүштү өнүктүрүү үчүн жеңилдетилген насыя алуу маселесинде колдоо көрсөтүүнү өтүндү.

Рысгүл Акимжанова ишкерлердин сунуш-пикирлерин угуп, көтөрүлгөн маселелер тиешелүү мыйзамдардын жана мамлекеттик колдоо механизмдеринин алкагында караларын белгиледи.