Жалал-Абад жана Нижегород облустары кызматташтыкты өнүктүрөт

Аймак Жүктөлүүдө... 06 Август 2026 14:55
765854956_2155437048656881_3551300302970895993_n.jpg
copyright icon Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 06.08.26. /Кабар/. Жалал-Абад облусу менен Россиянын Нижегород облусунун ортосунда соода-экономикалык, инвестициялык жана гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча макулдашууга кол коюлду.

Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалыматына ылайык, документке VIII Кыргыз-Россия экономикалык форумунун жана XII Кыргызстан-Россия аймактар аралык конференциясынын алкагында кол коюлду.

Иш-чарага президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Тилек Текебаев катышып, панелдик сессияда облустун инвестициялык потенциалы, өнөр жай, энергетика, айыл чарба, туризм жана логистика тармактарында ишке ашырылып жаткан долбоорлор тууралуу маалымат берди.

Ошондой эле жакынкы күндөрү Жалал-Абад облусу менен Россиянын Оренбург облусунун ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюу күтүлүп жатканы белгиленди.