Жалал-Абад мэри Токтогул паркын иретке келтирүүнү тапшырды

Аймак 1175 22 Апрель 2025 09:55
7528_1590.webp
7529_1590.webp
Алдыга
Артка
7528_1590.webp
7529_1590.webp
Алдыга
Артка
copyright icon Жалал-Абад шаарынын мэриясы

Бишкек, 22.04.25. /Кабар/. Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков калаадагы Токтогул Сатылганов атындагы паркты кыдырып чыкты.

Муниципалитеттен билдиришкендей, шаар башчысы жеринде жетекчилерге коопсуздук эрежелери сакталбаган, эскилиги жеткен аттракциондорду алып салуу, паркты көрктөндүрүү, актап-сырдоо тапшырмаларын берди.

Белгилей кетсек, аталган парк 1960-жылдары негизделген.