Жакынкы Чыгыштагы кыргыз жарандарын эвакуациялоо уланууда

Коом Загрузка... 11 Март 2026 16:00
WhatsApp Image 2026-03-11 at 15.48.39.jpeg
copyright icon Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 11.03.26 /Кабар/. Жакынкы Чыгыштагы кыргыз жарандарын эвакуациялоо иштери уланууда. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директору Сейтек Жумакадыр уулу брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, министрлик жарандардын баарын мекенине кайтаруу үчүн аракет көрүүдө. Ошондой эле жеринде иштеген консулдуктар күнү-түнү жарандардын маселелерин чечүүгө жардам берип жатышат.

“Буга чейин үч учак менен алып келинген жарандардын бардык чыгымдары президенттин тапшырмасы менен мамлекет тарабынан каржыланды. Муну акыркы он жылдыктагы тарыхый окуя деп бааласак болот. Бахрейн, Катар, Кувейт, Бириккен Араб Эмираттары жана Сауд Аравиясында жүргөн жарандардын баарына эвакуация сунушталды. Жакынкы 3-4 күндүн ичинде калган жарандарды да алып келүү пландалууда. Айрымдары оюн өзгөртүп, ошол жакта калуу чечимин кабыл алышууда. Алар көбүнчө аталган өлкөлөрдө жашап, иштегендер”, — деди ал.

Ошондой эле директор токтоп турган айрым каттамдар ишке киргенин белгиледи.

“Башында чет өлкөлөрдө 22 миңге жакын кыргыз жараны бар деп белгиленген. Алардын басымдуу бөлүгү Бириккен Араб Эмираттарында жана Сауд Аравиясында жүргөндөр, негизинен Умрага барган зыяратчылар болгон. Учурда Flynas авиакомпаниясы Жидда — Ош жана Жидда — Бишкек багыттары боюнча туруктуу каттамдарды аткара баштады. Ошондой эле БАЭден Flydubai авиакомпаниясы күн сайын каттап жатат. Акыркы эки күндөн бери Air Arabia да учууларды жандантты. Учурда Сауд Аравиясы менен БАЭнин аба майдандары ачык”, — деди ал.

Анын айтымында, жалпысынан Кыргызстанга 3 миңге жакын жаран кайтып келди. Алардын ичинен 426 жаран атайын уюштурулган каттамдар менен келген, ал эми калгандары өз алдынча кайтып келишкен.

Мындан тышкары, Иранда 100гө жакын, Израилде 97 кыргыз жараны бар. Алардын көбү кош жарандуулугу барлар. Азырынча алардан эвакуация боюнча кайрылуулар түшө элек. Иранда Кыргызстандын консулдугу, ал эми Израилде ардактуу консул иштеп жатат. Ал жактагы жарандар менен туруктуу байланыш жүргүзүлүп, кабар алынып жатканы айтылды.