Жалал-Абад шаарында ипотекалык батирлердин курулушу жакында аяктайт

Коом 1268 24 Январь 2025 17:23
WhatsApp Image 2025-01-24 at 17.16.04.jpeg
WhatsApp Image 2025-01-24 at 17.16.05.jpeg
WhatsApp Image 2025-01-24 at 17.16.05 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-01-24 at 17.16.05 (2).jpeg
WhatsApp Image 2025-01-24 at 17.16.05 (3).jpeg
WhatsApp Image 2025-01-24 at 17.16.06.jpeg
WhatsApp Image 2025-01-24 at 17.16.07.jpeg
Алдыга
Артка

copyright icon Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы

Бишкек, 24.01.25. /Кабар/. Бүгүн министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жумушчу сапарынын алкагында Жалал-Абад шаарындагы Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулуп жаткан турак жай комплекстеринин курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Министрлер кабинетинен билдиришкендей, батирлер “Менин үйүм” мамлекеттик турак жай программасынын катышуучуларына “Социалдык ипотека”, “Жеңилдетилген ипотека”, “Жеткиликтүү ипотека” багыттары боюнча, ошондой эле үлүштүк турак жай куруу механизминин алкагында берилет.

Белгиленгендей, “Асман Резиденс 2” турак жай комплекси 400дөн ашуун батирден турат. Долбоор 2025-жылдын экинчи кварталына карата аяктоосу күтүлүүдө. Ал эми, “Асман Резиденс 1” турак жай комплекси 600дөн ашуун батирден турат. Анын курулуш иштери үстүбүздөгү жылдын апрель айында бүтөөрү күтүлүүдө.

Өкмөт башчы иштин жүрүшү менен жеринде таанышып чыккандан кийин, курулуш иштерин сапаттуу жана өз убагында бүтүрүү боюнча тиешелүү түзүмдөргө тапшырмалар берилди.