Жакында Tunduk тиркемеси аркылуу ипотекалык үй алууга кезекке туруу мүмкүнчүлүгү жаралат

Коом 1026 29 Апрель 2025 10:44
whatsapp_image_2024-12-24_at_12_52_46_730x0.730x0.jpeg
IMG-20250429-WA0016.jpg
IMG-20250429-WA0017.jpg
IMG-20250429-WA0018.jpg
Алдыга
Артка
whatsapp_image_2024-12-24_at_12_52_46_730x0.730x0.jpeg
IMG-20250429-WA0016.jpg
IMG-20250429-WA0017.jpg
IMG-20250429-WA0018.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 29.04.25. /Кабар/. Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев Мамлекеттик ипотекалык компанияга эң кыска мөөнөттө Tunduk тиркемеси аркылуу арыз берүү мүмкүнчүлүгүн ишке киргизүүнү тапшырды.

Анын айтымында, кезекке турууда бардык процесстер жарандар үчүн ачык-айкын, түшүнүктүү жана жеткиликтүү болушу керек.

МИК менен Президенттин иш башкармалыгынын жыйында учурда “Кызмат” мамлекеттик мекемеси бул багыттагы керектүү техникалык чечимдерди иштеп чыккандыгы жана кызматты ишке киргизүү акыркы баскычта тургандыгы маалымдалды.

“Бардык техникалык иштер аяктады. Жакынкы аралыкта жарандар Tunduk тиркемеси аркылуу бат жана ыңгайлуу түрдө арыздарын бере алышат,” - деп билдирди “Кызмат” мамлекеттик мекемесинин директору Урматбек Камбаров.

Жыйындын соңунда Иш башкармалык МИКке кезекте тургандар менен түшүндүрүү иштерин активдүү жүргүзүү, арыз берүү тартиби, тизмелердин түзүлүшү жана батир бөлүштүрүү эрежелери боюнча толук маалымат берүүнү тапшырды.

Эске салсак, бул конкреттүү тапшырмалар “Мамлекеттик ипотекалык компания” (МИК) ачык акционердик коомунда Каныбек Туманбаевдин жетекчилиги алдында өткөн жумушчу жыйында берилди.